Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:40

Янукович Тимошенкону абактан чыгарганга макул


Украин президенти Виктор Янукович экс-өкмөт башчы Юлия Тимошенконун чет өлкөгө барып дарылануусуна уруксат берген мыйзамга кол коёт. Януковичтин айтышынча, “Парламент мындай мыйзам долбоорун кабыл алар менен, ага кол коюлат”. Тимошенко кызмат укугун бейчеки пайдаланган деп, 2011-жылы жети жылга соттолгон. Экс-премьер айымдын кесилиши эл аралык коомчулукта саясый өч алуу катары бааланган. Европа Биримдигинин жетекчилиги Украинадан эгер Ассоциациялык мүчөлүк жана эркин соода келишимин түзүүнү кааласа, Тимошенкого эркиндик берилсин деп талап кылып жаткан. Берегидей келишимге Вильнюста 28-29-ноябрда болчу жыйында кол коюлат деп болжолдонууда. Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фулле жана Тимошенконун кызы Евгениянын айтымында, алар Тимошенкого Вильнюстагы саммитке чейин Германияга дарыланууга коё берилет деген үмүттө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG