Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Башкы прокуратура "атамекенчилердин" ишин кайра тергөөгө жөнөттү


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, буга чейин 2010-жылдагы талап-тоноочулук окуяларын иликтеген мекемелер аралык тергөө тобунун башчысы Асылбек Чекиров “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбековго мурда кыскартылган кылмыш ишти жандандырып, депутаттык кол тийбестигин алуу өтүнүчү менен кайрылган. Башкы прокуратуранын тиешелүү башкармалыгы аталган өтүнүчтү карап чыкты. Жыйынтыкта, өтүнүчтөгү далилдер депутаттарга карата кылмыш ишти жандантууга жетишсиз болгону үчүн ишти кайрадан иликтөө үчүн тергөө тобуна кайтарып берди.

Буга чейин Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын төрт депутаты - Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков жана Болот Шердин кол тийбестигин алуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылганын билдирген. Анын ырастоосунда, аталган төрт депутаттын апрель окуясы учурунда талап-тоноочулукка тиешеси бар экени аныкталган. Бирок Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Текебаев менен Шердин кол тийбестигин алуу боюнча эч кандай кайрылуу түшкөн жок.

"Ата Мекендин" депутаттары болсо Рысалиевдин билдирүүсүн негизсиз каралоо деп баалашкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG