Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Москвада Айтматовдун 85 жылдыгы белгиленет


Орусияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин белгилөө иш-чаралары өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашты. Маалыматка ылайык, иш-чаралар 24-октябрда Москвадагы чет элдик адабият китепканасында башталат. Анын алкагында, бул китепканага жазуучунун бюсту коюлуп, конференция, сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

Декабрь ичинде Москвадагы бир катар китепканаларда Айтматов кечелери өтмөкчү.(BkA)

XS
SM
MD
LG