Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

Муратбек Асановду кызматтан алуу мурда эле сунушталган


Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Аскер сотунун судьясы Муратбек Асановду кызматтан алууну өтүнүп, бир апта мурда эле Соттор кеңешине кайрылган.

Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди. Анын айтымында, Асановдун мурда соттолгону тууралуу маалымат Жогорку Сотко 5-сентябрда келип түшкөн. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, чындыгында эле Асановдун мурда эки ирет соттолгону аныкталган. Мунун негизинде Жогорку Сот төрайымы 10-октябрда Соттор кеңешине аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча өтүнүч жолдогон. Токтошева кошумчалагандай, жакынкы күндөрү Соттор кеңеши Асановду кызматтан алуу маселесин карайт.

Буга чейин Коомдук иликтөөлөр институту мурда соттолгон Муратбек Асанов Аскер сотунун судьясы болуп иштеп жатканын билдирген. Институттун маалыматында, Асанов уурулук жана бейбаштык беренелери боюнча эки ирет соттолгон. Ал эми быйыл жазында Аскер сотунун судьялыгына шайланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG