Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Сноуден: Кытай жана Орусия жашыруун маалыматтарга ээ эмес


Эдвард Сноуден АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинен алып чыккан жашыруун документтерге Кытай жана Орусияга берилбегенин айтып чыкты. Бул тууралуу “Нью-Йорк Таймс” гезитине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, ал өзүндөгү документтерди Гонконгдогу журналисттерге берген. Москвага эч кандай жашыруун документ алып келген эмес. Ошондуктан Сноуден Кытай жана Орусия АКШнын жашыруун маалыматтарына ээ болууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.

Быйыл июнда Эдвард Сноуден Американын чалгындоо боюнча электрондук программалары тууралуу маалыматты ашкере кылган. АКШ өкмөтү Сноуденди тыңчы деп айыптап, аны өткөрүп берүү талабы менен Орусияга кайрылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG