Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Amnesty International өлбөй калган адам үчүн жансоога сурады


Amnesty International эл аралык уюму Иран бийликтеринен 37 жаштагы жаранды экинчи жолу өлүм жазасына тартпоону суранды. Уюмдун маалыматында, 37 жаштагы Алириза ысымындагы жаран өткөн жумада өлкө түндүгүндөгү Божнурд түрмөсүндө маңзатка байланыштуу кылмыш боюнча дарга асылган. Бирок кийинки күнү өлүкканада анын тирүү калганы белгилүү болуп, ооруканага жаткырылган. Учурда абалы оңолуп келатат.

Мунапыс уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча директору Филипп Лютер аталган адам экинчи жолу өлүмгө жазасына тартылса, Ирандын сот системасынын таш боорлугун далилдейт деди. Маалыматтарга ылайык, быйыл Иранда 508 адам өлүм жазасына тартылган.

XS
SM
MD
LG