Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Сатыбалдиев Кумтөр боюнча меморандумду тактап чыгууну тапшырды


Мындай тапшырманы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бейшембидеги Кумтөр кени боюнча жыйында берди. Сатыбалдиевдин айтымында, “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандум тууралуу калкка маалымат жетпей жатат.

Ошондуктан, бул боюнча түзүлгөн жумушчу топ мүчөлөрүнө меморандумга ылайык, “Центерра Голд" биргеликте түзүлчү ишканадагы Кыргызстандын үлүшүн кайрадан изилдеп, тактап чыгууну тапшырды.

Өткөн аптада Кумтөр боюнча меморандумду парламент талкуулаган. Анда меморандум боюнча сын-пикирлер айтылган. Меморандумга ылайык, кенди иштетүү боюнча эки тарап 50 пайыздык теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп иштетиши керек. Бирок депутаттардын сынынан соң өкмөт бул меморандумду кайрадан изилдеп чыкмай болгон. Ал үчүн өкмөттө үч жумушчу топ түзүлгөн. Жогорку Кеңеш бул меморандумду кийинки апталарда кайрадан талкуулайт.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG