Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

“Газпром” Кыргызстандын газга карызын төлөйт


“Кыргызгаз” ишканасын сатып алууну көздөгөн Орусиянын “Газпром” компаниясы келишим ратификацияланып калса, Кыргызстандын ошол учурга чейинки карызынын баарын төлөйт. Бул тууралуу “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев кечээ өткөн маалымат жыйында билдирди.

Кыргызстандын газ тармагын толугу менен Орусияга сатуу тууралуу ушул жылдын июль айында эки өкмөт келишимге кол койгон. Эми ал Жогорку Кеңештен жана Мамлекеттик Думадан өтүш керек. Келишимге кол коюлган күнгө чейинки Кыргызстандын газга тиешелүү бардык карызын “Газпром” алууга милдеттенген. Кулмурзаевдин журналисттерге тактаганына караганда, документке кол коюлгандан кийин да Кыргызстандын карызы чогулуп калса, келишим ратификация болгонго чейинкисин Орусия компаниясы өзүнө алат. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG