Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Саруулуктар камактагылар сабалганын айтууда


"Караколдогу митингден кийин кармалып, камакка алынгандардын сабалганын далилдөө үчүн Бишкекке келдик",- деп билдирди "Азаттыкка" камалгандарды коргоо комитетинин төрагасы Карыпбек Чакебашов. Алар бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, сүрөт жана башка далил фактыларын көрсөтөт.

Чакебашовдун айтымында, Сарууда тынчтык митинги уланууда. Бишкектен барган соң алар эл менен жыйын өткөрүп, мындан аркы аракеттерин талкуулашат.

Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков митингден кийин камалгандар сабалганын айтып чыккан.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча түзгөн меморандумга каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Анда 23 киши кармалып, ону ушу тапта камакта. (AKu)

XS
SM
MD
LG