Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Сауд Арабия БУУнун Коопсуздук кеңешин сындады


Сауд Арабия БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү ордунан баш тартты. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө кеңештин “иштөө механизми жана кош стандарттары” тынчтык процесстерине көмөктөшүү озуйпасын аткарууга жолтоо болууда деп айтылат.

Кечээ Сауд Арабия биринчи жолу кеңештин туруктуу эмес мүчөсү деген макамды жеңген. Падышалык реформалар жүргүзүлгөндөн кийин кеңештеги орунду ээлерин билдирди. Бирок кандай реформалар экени такталган жок. Сауд Арабия менен катар ал күнү туруктуу эмес мүчө болуп Литва, Чад, Чили жана Нигерия шайланган.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши туруктуу 5 жана туруктуу эмес 10 өлкөдөн куралат. Туруктуу мүчөлөр – США, Британия, Франция, Орусия жана Кытай. Жыл сайын 5 мамлекет туруктуу эмес мүчөлүккө 2 жылга шайланат.

XS
SM
MD
LG