Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Казакстан-Кытай кууру боюнча келишим бекитилди


Президент Нурсултан Назарбаев Казакстанды Кытай менен туташтырган мунай куурун өнүктүрүү жана тейлөө боюнча келишимди бекитти. Бул жөнүндө расмий Астана маалымдады.

2 288 чакырымдык куур Казаксатандын батышындагы Каспий деңизинин жээгиндеги кара май кендерин Кытайдын батышындагы Шинжаң провинциясы менен бириктирет.

Куурду “Казмунайгаз” жана China Petroleum корпорациясы башкарат. Долбоордун болжолдуу баасы 820 миллион доллар. Келишимге ылайык, мунай канча узакка жөнөтүлбөсүн акысы бир өлчөмдө болот. Мунайдын баасы эл аралык базардагы нарктын негизинде аныкталат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG