Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Тогуз айда Орусиядан 735 кыргызстандык жаран чыгарылган


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматында, 9 ай ичинде 735 жаран Кыргызстанга депортацияланды. Сентябрдан берки маалыматтар такталып жатканын элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

“Манас” аба майданынын биринчи вице-президенти Нурлан Мамыровдун билдиришинче, болжолдуу эсеп менен Кыргызстандан Орусияга кеткен 100 жарандын беши кире албай кайтып келет. Алардын көбү мурда Орусияда административдик жазага тартылгандар, ар кандай эрежелерди бузгандар. Мындан улам Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салган жарандар тууралуу маалыматтык базасын “Манас” аэропорту сурап алган. Бул өлкөгө бараткандар базадан өзүнө тыюу салынып же салынбаганын тактап алса болот.

Ушул жылы Орусия мыйзамсыз мигранттарды текшерүүсүн күчөткөнү айтылып келсе, Москвадагы Бирюлево чуусунан кийин ал дагы катаалдады. (AKu)

XS
SM
MD
LG