Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Австралиялык ишкана Кадамжайда кен иштете берет


Австралиялык "Z-Эксплорер" компаниясы Кадамжай районундагы Майдан айылына жакын жайгашкан Шамбесай алтын кенин иштетүүнү улантарын “Азаттыкка” билдирди.

Компаниянын коомчулук менен байланыш адиси Жылдыз Акматованын айтымында, бул ишкана жергиликтүү эл менен ар бир талап боюнча сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин алып барууну пландап жатат.

Майдан айылынын тургундары кечээ бул компаниянын техникасын талкалап, ишкананын кеңсесиндеги буюм-тайымдарды, документтерди жок кылган.

Майдан айылдык кеңештин депутаты Мурза Курмушуев кенди иштетүүгө жергиликтүү калк кескин каршы экенин "Азаттыкка" билдирген.

Компания бүгүнтөн тарта экологиялык коопсуздук боюнча жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү пландап жаткан. Өткөн жылдын декабрында алтынды казууга лицензия алган.

Шамбесай алтын кенинде тогуз тоннага жакын алтын бар экени тастыкталган. (AKu)

XS
SM
MD
LG