Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

"Z-Эксплорер" кен иштетүүнү токтотпойт


Австралиялык "Z-Эксплорер" компаниясы Кадамжай районундагы Майдан айылына жакын жайгашкан Шамбесай алтын кенин иштетүүнү улантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” компаниянын коомчулук менен байланышуу адиси Жылдыз Акматова билдирди. Анын айтымында, ишти улантуу үчүн бардык мыйзамдык шарттар бар. Мындан ары жергиликтүү эл менен ар бир талап боюнча сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин алып барат, талкуулар уюштурулат.

Иштөөгө расмий уруксаты бар бул компания 18-октябрда техникаларын кенге алып өтүүгө аракет кылганда Майдан айылынын тургундары техниканы талкалап, ишкананын кеңсесиндеги буюм-тайымдарды, документтерди жок кылган.

Компания экологиялык коопсуздук боюнча жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү пландап жаткан. Өткөн жылдын декабрында алтынды казууга лицензия алган.
Шамбесай алтын кенинде тогуз тоннага жакын алтын бар экени тастыкталган. (MTo)

XS
SM
MD
LG