Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

3,6 миллион сомду кымыргандар кармалды


Казначейликтин Жалал-Абад аймактар аралык бөлүмү 2011-жылы Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги №3 адистештирилген балдар мектебинин бухгалтери менен сүйлөшүп алып, казначейликтин расмий каржы-бухгалтердик документине жалган маалыматтарды жазышкан. Мунун натыйжасында жалпы суммасы 3,6 миллион бюджеттик акчаны өздөрүнө алып, мамлекетке өзгөчө ири көлөмдө чыгым алып келишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат борбору кабарлады.

Учурда облустук прокуратура тарабынан 304-берене (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 171-берене (ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу жана коромжуга учуратуу) жана 315-берене (жасалма документ жасоо) беренеси боюнча мектеп бухгалтерине жана казначейликтин Жалал-Абад аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө. (MTo)

XS
SM
MD
LG