Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:47

АКШ Кыргызстандагы аскерлерин Румынияга алып кетет


АКШ Кыргызстандагы "Манас" транзиттик борборундагы аскер, жабдыктарын Румыниянын Кара деңиздеги аба бекетине алып кетет. Бул тууралуу келишимге НАТОго мүчө болгон Румыния менен Вашингтондо кол коюлду.

Макулдашууга кечээ Пентагондо АКШнын коргоо катчысы Чак Хейгл жана Румыниянын коргоо министри Мирча Суша кол койду. Курулуш иштери ушул айда башталып жаткандыгы кабарланууда.

Кошмо Штаттары Ооганстандагы 50 миңден ашык аскерлерин тейлөө үчүн колдонуп келген "Манастагы" транзиттик борбор келерки жылы июл айында жабылат. Ооганстандан америкалык аскерлер 2014-жылдын этегине чейин чыгарылып кетиши керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG