Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

Дамаскинин жанында жардырууда 16 аскер набыт болду


Сириялык активисттердин айтымында, Дамаскиге кире бериштеги текшерүү бекетинде машина жарылганда, бери дегенде 16 аскер мерт кетти.

Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары кечээ күнкү катуу жардырууну бышыктап, бирок каза болгондордун санын маалымдаган жок.

Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөө борбору жардырууну "ал-Каида" менен алакалаш "Жабнат ал-Нусра" тобу уюштурганын айтууда. Бул топ өкмөттүк да, козголоңчул да аскерлер менен согушуп келатканы маалым.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG