Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

АКШ "ал-Каидага" кире турган кишиге айып койду


АКШда бийликтер 25 жаштагы америкалык жаранга «Йеменге барып, "ал-Каиданын" куралдуу уюшмасына кошулууну пландаган» деген айып такты.

Бирок Маркос Алонсо Зеа айыпты мойнуна алган жок. Ал кечээ Нью-Йорктогу үйүндө камакка алынды. Ага «чет өлкөдө киши өлтүрүүгө даярданган, террористтерди колдогону жаткан, жана акыйкаттыкты ишке ашырууга бут тосту» деген айыптар коюлду. «АКШда төрөлүп, ушул өлкөдө өссө да, Зеа өз мекенине чыккынчылык кылуу менен Йеменге барып, террордук уюмга кошулууга жана киши өлтүрүүгө аракеттенген деп шектелүүдө»,- деди америкалык прокурор Лоретта Линч.

XS
SM
MD
LG