Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Шамбесай кениндеги окуя боюнча кылмыш иши козголду


Кадамжайдагы Шамбесай алтын кениндеги окуя боюнча кылмыш иши козголгонун «Азаттыкка» өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Ага ылайык, учурда облустук күч органдарынан атайын иликтөө тобу түзүлүп, окуяны териштирип жатат. Анын жыйынтыгында мыйзамды бузгандар аныкталып, алар жоопкерчиликке тартылат.

18-октябрда Шамбесай алтын кенин иштетүүгө уруксаты бар автралиялык "Z-Эксплорер" компаниясы техникаларын кенге алып өтүүгө аракет кылганда райондогу Майдан айылынын тургундары техниканы талкалап, ишкананын кеңсесиндеги буюм-тайымдарды, документтерди жок кылган. Компания экологиялык коопсуздук боюнча жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү пландап жаткан. Жергиликтүү тургундар бул кенди иштетүүгө каршы чыгышууда.

"Z-Эксплорер" компаниясынын өкүлдөрү кенди казууга мыйзамдуу уруксаты бардыгын айтып, алтын кенди иштетүүнү улантаарын билдирди. Шамбесай алтын кенинде жалпысынан тогуз тоннага жакын алтын бар экени тастыкталган. Кыргызстанда буга чейин кен иштеткен чет элдик компания кеңселерине кол салуу көрүнүштөрү бир нече жолу катталган.(BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG