Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Мексикада маскарапоз наркобаронду атып өлтүрдү


Мексикада бийликтердин маалымдашынча, маскаропоздун кийимин кийген куралчан өлкөдөгү маңзат ташыган эң белгилүү аткезчилер бүлөсүнүн мүчөсүн атып кетти. 63 жаштагы Франциско Рафаел Арреллано Феликс Бажа Калифорния жарым аралындагы үйдө үй-бүлө мүчөлөрү чогулган кезде башынан ок жеп, жан берди. Кол салуунун себеби айтыла элек.

Феликстин үй-бүлөсү Мексика менен АКШнын Калифорния штатынын ортосунда 1990-жылдардагы наркотрафикте үстөмдүк кылган Тижуана картелин иштетчү. Бирок көбү кармалып, же атып өлтүрүлгөн.

Арреллано Феликс АКШдагы түрмөдөн 2008-жылы бошоп чыккан эле.

XS
SM
MD
LG