Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Австралия: токойдогу өрттүн күчөшү күтүлөт


Австралиянын өрт өчүрүү кызматтары Жаңы Түштүк Уэлс штатынын чыгышындагы улуу өрт улам жайылып бараткандыгын эскертти. Бүгүнкү эскертүүдө күн ысык болуп, катуу шамал согуп жаткандыктан, 40 жылдан бери болуп көрбөгөндөй зор аянттарды өрт жалмап коюшу мүмкүн экендиги айтылат. Апта башынан бери бул аймакта жүздөгөн үй өрттөнүп кетти. Сиднейден түштүктөгү Көк тоолор аймагы өзгөчө жапа тартты. Австралияда декабрдан февралга чейин созулуучу жай айларында өрт көп чыгат.

XS
SM
MD
LG