Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Сирия: жан кечти чабуулунда 31 киши мерт болду


Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөө обсерваториясы билдиргендей, Хама шаарындагы кол салууда аз дегенде 31 кишинин каны төгүлдү. Лондондо жайгашкан бул уюм берген кабарга караганда, жанкечти аскердик текшерүү бекетинде жүк ташыган машинасы менен кошо өзүн жардырды.

Уюм набыт кеткендердин көбү карапайым шаар тургундары экендигин билдирүүдө. Жарадар болгондордун арасында абалы оорлор бар экендигин эске алганда, курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Жардыруудан аз дегенде 20 машина менен катар, бир нече үй, дүкөн талкаланды.

Көзөмөлдөөчү уюм жанкечти козголоңчулар менен катарлаш согушуп жаткан ал-Каида менен алакалаш ал-Нусра Майданынан экендигин кошумчалады.

Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары жардыруу үчүн «террористтерди» айыптады. Өкмөт тарап бул сөз менен президент Башар ал-Асад менен согушуп жаткан күчтөрдү атайт.

XS
SM
MD
LG