Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Улут аралык мамиле боюнча иликтөө жыйынтыгы чыгарылат


Бүгүн Бишкекте улут аралык мамиле маселелерин талкуулаган конференция өтөт. Аны президент алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту уюштурууда. Аталган институттан билдиришкендей, конференцияда улут аралык мамиленин учурдагы абалы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланмакчы. Иликтөөдө Кыргызстандагы 1991-жылдан бери бүгүнкүгө чейинки улут аралык мамиленин абалы талдоого алынган.

Кыргызстандын түштүк аймагында 2010-жылдын июнундагы улут аралык кагылыш жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, миңдеген жарандар үй-жайын таштап качууга аргасыз болушкан. АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча абал тууралуу жыл башындагы баяндамасында Кыргызстанда улут аралык жагдай дагы эле оор деп белгиленген. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG