Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Өрт кырсыктары 9 айда 44 өмүрдү жалмады


Быйыл Кыргызстанда өрт кырсыгы көбөйүп, 9 ай ичинде алып келген зыяны 227 миллион сомду түздү. Тилсиз жоодон 44 адам каза тапкан, анын бешөө балдар. Бул тууралуу тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Январь-сентябрь айларынын аралыгында өлкө аймагында 2824 өрт катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 9 пайызга көп, тагыраак айтканда 2012-жылы 2577 болгон. Өрттөн улам 68 автоунаа жарактан чыгып, 71 баш мал, 89 баш үй канаттуулары күйүп өлгөн.

Өрт кырсыгы эң көп катталган аймак Чүй өрөөнү болуп эсептелет. Жыл башынан бери бул жерде 799 өрт болгон. Андан кийинки орунда Бишкек шаары турат. Жалал-Абад жана Ош облустары көрсөткүчтүн 3-4 тепкичинде.

Кырсыктын негизги себеби - жарандардын коопсуздук чараларын көрбөй жатканы жана электр энергиясын туура эмес пайдаланганы болууда. (SE)

XS
SM
MD
LG