Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Египетте христиандарга кол салуу болду


Каирде белгисиз адамдар коп христиандарынын чиркөөсү жанында 3 кишини атып кетишти. Расмий булактар маалымдагандай, мерт кеткендердин бири 8 жаштагы кыз. Дагы 9 киши жарадар болду. Кол салгандар баш кошуу үлпөтүнөн чыгып келаткан кишилерди бутага алышкан. Коп христиандары Египет калкынын 6-10 процентин түзөт.

Ай башында жарыялаган отчетунда эл аралык Мунапыс уюму президент Мохамед Мурси кулатылгандан кийин христандар исламчылардын өч алуу чабуулдарына туш болушканын айтып, коопсуздук күчтөрү аларды токтотууга жетиштүү чара көрбөй жатканын сындады.

XS
SM
MD
LG