Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

ЖК комитети мыйзамсыз жер иштетүү боюнча комиссия түздү


Жогорку Кеңештин агрардык комитети мыйзамсыз жер иштетип жаткандар тууралуу маалымат боюнча комиссия түздү. Ага “Коррупцияга каршы элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин кайрылуусу негиз болду.

Аталган коомдук бирикменин төрагасы Пазылов Жалал-Абаддагы Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүндө миң гектарга жакын жер бир-эки жарандын кызыкчылыгына мыйзамсыз пайдаланылып жаткандыгын жазып, депутаттарга кайрылган. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маселе буга чейин Сузак райондук прокуратурасы жана Эсеп палатасы тарабынан да текшерилген, бирок мыйзам бузуу аныкталган эмес.

Депутаттар бул боюнча жеринде текшерүү жүргүзмөй болду. Атайын түзүлгөн комиссияны депутат Абдулатип Режевалиев башкарат. Комиссиянын курамына мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG