Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

“Борбор Азия - Жапония” жолугушуусу өтөт


22-октябрда Бишкек шаарында «Борбор Азия - Жапония» деген аталышта эл аралык жолугушуу болот. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Жапониянын мамлекеттик кызматкерлери катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономика, саясат жана коопсуздук, аймактык карым-катнашты өнүктүрүүгө багытталган маселелер талкууланат. Мындай жыйын ушуну менен жетинчи ирет уюштурулууда. Алгач 2004-жылдын 28-августунда Жапонияда болгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG