Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

Ошто жол кайгуул кызматкери өзүн атып алды


Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын өкүлү Дамир Мойдунов өзүн атып, каза болгонун “Азаттыкка” бүгүн Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маркум 18-октябрь күнү өзүнүн автоунаасында кызматтык куралынан кокустан ичине атып алган. Муну ал ооруканага барган учурда дарыгерлерге айткан. Ок терең киргендиктен, 33 жаштагы Мойдунов бүгүн эртең менен шаардык ооруканада каза болду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG