Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

ФСБ интернетти көзөмөлдөгүсү келет


“Коммерсант” гезитинин жазганына караганда, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) интернетти көзөмөлдөөнү күчөтүүнү пландоодо. Байланыш министрлиги даярдаган жаңы буйруктун долбооруна ылайык, бардык интернет провайдерлер 2014-жылдын 1-июлуна карай интернет-трафикти жаздырган жабдууларды койдурушу керек жана ал маалымат 12 сааттан кем эмес убакыт сакталууга тийиш.

Коопсуздук кызматы болсо маалымат базасына түз кире алат, - деп жазат гезит. Атап айтканда, атайын кызматтар телефон номерлерин, IP-даректерди, социалдык сайттарга катталгандагы маалыматтарды, электрондук почтанын даректерин жана тигил же бул адамдын интернетке кайдан киргендигин көзөмөлдөй алышат.

«Вымпелком» байланыш оператору белгилегендей, документтин айрым пункттары Конституциянын жеке турмуштун кол тийбестигин кепилдеген беренелерине каршы келет. Тиешелүү мекемелер гезиттеги маалыматты комментариялоодон баш тартышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG