Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Жекшенкулов президентке ачык кат жолдоду


Оппозициячыл “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов президент Алмазбек Атамбаевге ачык кат жолдоду. Бул тууралуу Жекшенкулов “Азаттыкка” өзү кабарлады. Ачык катта саясатчы Кумтөр кени боюнча маселени көтөрүп, учурдагы өкмөт даярдаган меморандум Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей турганын билдирген. Жекшенкуловдин айтымында, меморандум кабыл алынса, 2003-2009-жылдары кабыл алынган коррупциялык келишимдер дагы 12 жылга мыйзамдашат. Ошондуктан оппозициячыл саясатчы маселени чечүү үчүн тез арада президент жетектеген Кумтөр боюнча улуттук комиссия түзүп, бул боюнча чечкиндүү кадамдарга барууну сунуштаган.

Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандум сунуштаган. Ага ылайык, кенди иштетүү боюнча эки тарап 50 пайыздык теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп иштетиши керек. Бул меморандум өткөн апталарда парламентте талкууланып, көпчүлүк депутаттар сындап чыккан. Депутаттардын сынынан соң өкмөт бул меморандумду кайрадан изилдеп чыкмай болгон. Жогорку Кеңеш бул меморандумду кийинки апталарда кайрадан талкуулайт.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG