Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча форум өтөт


Эл аралык форум бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында башталат. Ага ак илбирс байырлаган Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Кытай, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан өкүлдөр келет. Форумда жок болуп бараткан ак илбирстерди коргоого жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруу маселелери талкууланат. Жыйын соңунда ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык программа кабыл алынат. Ошондой эле Бишкек декларациясына кол коюлат. Форум 23-октябрга чейин уланат.

Эксперттердин эсептөөсү боюнча, учурда жер жүзүндө 3 миңден 7 миңге чейин ак илбирс калган. Анын 250-300дөйү Кыргызстандын аймагын байырлайт.(BkA)

XS
SM
MD
LG