Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Сирияда козголоңчулардын лидерлеринин бири мерт кетти


Сириядагы козголоңчулардын Эркин армиясынын кол башчыларынын бири өкмөттүк күчтөр менен салгылашууда окко учту. Эки тарап тең тараткан маалыматка ылайык, Ясер ал-Абуд дүйшөмбүдө Дараа шаарынын жанында өлтүрүлдү. Куралдуу күчтөрдүн мурдагы офицери ал-Абуд президент Башар Асадга каршы көтөрүлүштүн алгачкы күндөрүндө каршы тарапка кошулган. Сириянын армиясы Дараанын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт, бирок козголоңчулар соңку айларда шаардын эски бөлүгүн жана жака белиндеги аймактарды ээлеп алууга жетишти. Ал тапта Мудамия шаарынын жанында эрегешчилер менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусу болду. Миңдеген жайкын тургундар ал жерден чыга албай жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG