Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:35

Орусия: жардырууну уюштурган жанкечтинин аты аталды


Орусиянын Волгоград шаарындагы жардырууну уюштурган жанкечтинин аты аталды. Жүргүнчү ташыган автобустагы дүйшөмбүдөгү жардыруудан кеминде 6 киши мерт кетти, 33 адам жараланды. Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркиндин айтымында, жардырууну уюштурган жанкечти дагенстандык исламчыл согушкердин жубайы деп болжолдонууда:

- Алдын-ала маалыматтар боюнча, жардырууну дагенстандык 30 жаштагы Наида Асиялова уюштурган. Тергөөчүлөрдүн колундагы маалымат боюнча, бул аял аялдамадан автобуска түшкөн. Автобуска кирээр менен өзүн жардырып жиберген. Муну жардыруудан аман калган жүргүнчү да тастыктап жатат.

Учурда кол салууга байланыштуу терроризм, адам өлтүрүү жана мыйзамсыз курал-жарак аткезчилиги боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөчүлөр кандай жардыргыч зат колдонулганын иликтеп жатышат.

Расмий маалыматтарга караганда, автобуста ошол учурда 40ка жакын киши бараткан. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким алган жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG