Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

АКШ: Невадада мектептеги атышууда эки адам мерт кетти


Спаркс шаарчасындагы мектепте окуучу чыгарган октон бир мугалим мерт кетип, эки окуучу жараат алды. Ок аткан окуучу өзү да каза тапты. Азырынча анын кандай жагдайда каза тапканы белгисиз. Жергиликтүү полиция ага каршы курал колдонбогонун билдирүүдө. Окуяда каза болгон мугалим 45 жаштагы математика окутуучусу Майкл Ландсбери болуп чыкты. Ал октон окуучуларын коргойм деп жатып каза тапканы айтылууда.

Акыркы жылдары АКШда мектептерде атышуулар көп кездешип келет. Былтыр Коннектикут штатындагы Sandy Hook мектебиндеги атышуудан 26 окуучу каза тапкан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG