Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:32

Санкт-Петербург: кыргызстандык төрт спортчу жарым финалда


Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан жоокердик искусство өнөрү боюнча Бүткүл дүйнөлүк мелдеште кыргызстандык 4 спортчу жарым финалга чыкты.

Кикбоксчулардан 71 килограмм салмакта Сталбек Дарканбаев нигериялык Нил Нилди, 91 килограмм салмакта Рашид Аманкулов маракколук Эль Беркани Радауанды утуп жарым финалга чыгышты. 23-октябрда Дарканбаев орусиялык Никита Селянский менен, Аманкулов орусиялык Александр Дмитриенко менен күч сынашат. Кумар Жалиев орусиялык Александр Дробининге жеңилип калды.

Бокс боюнча 56 кило салмакта Бактияр Өтөгөнов, 60 килограмм салмакта Адилет Бекиев жарым финалга чыкты. 22-октябрь күнү Өтөгөнов өзбекстандык Захиджан Курбаев менен, Бекиев америкалык Рамос Кресенкау менен рингде күч сынашат. Экөө бул таймашууларда жеңилип калса, коло байгелүү болушат.

Тайбоксчу Данияр Кашкараев 57 кило салмакта жарым финалдык таймашта орусиялык Александр Абрамовго 30:27 эсебинде жеңилип, үчүнчү орунга илинди. Кашкараевдин коло байгеси менен Кыргызстандын медалынын эсеби ачылды.

Жоокердик өнөр боюнча бүткүл дүйнөлүк оюндар 18-октябрда башталган, 26-октябрда жыйынтыкталат. (КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG