Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Чүйдүн тургуну мыйзамсыз куралын тапшырды


Москва районуна караштуу Сретенка айылынын 38 жаштагы тургуну ИЖ-18 үлгүсүндөгү 12 калибрлүү ок атуучу куралды өз каалоосу менен милицияга тапшырды. Ал куралды буга чейин эч кандай каттоосу жок үйүндө сактап келген. Бул тууралуу бүгүн Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Тапшырылган ок атуучу каражат боюнча териштирүү иштери башталды.

Мыйзамга ылайык, өз эрки менен мыйзамсыз куралын тапшыргандарга кылмыш иши козголбойт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG