Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Грузияда президент кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн


Грузиянын премьер-министри Бидзина Иванишвили “кызматтан кетип жаткан президент Михаил Саакашвили сот жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн” экенин айтты. Бүгүн Тбилисидеги “Имеди” телеканалында көрсөтүлгөн интервьюда өкмөт башчы Иванишвили 2005-жылы премьер-министр Зураб Жваниянын өлүмү Саакашвилиге тагылчу кылмыштардын бири болушу мүмкүн экенин билдирди. Ал Саакашвилини “кылмыш жопкерчилигине тартылат” деп ачык айткан жок, бирок муну жокко чыгарбай турганын белгиледи.

Жвания расмий версияга ылайык, үйдөгү газдан ууланып өлгөн. Бирок анын бир тууганы Гиоргий Жвания өткөн аптадагы билдирүүсүндө “Жаңы далилдер мурдагы премьерди ошондогу өлкөнүн жетекчилиги өлтүргөн болушу мүмкүндүгүн көрсөтөт” деди.

Грузияда былтыр октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында бийликке Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы келгенден бери өлкөдө президент Саакашвилинин бир топ жакын санаалаштары камалган. Келаткан жекшембиде Грузияда президенттик шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG