Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

“Центерра Голд” мунаса үчүн айрым шарттарга көндү


Бул тууралуу “Центерра Голддун” президенти Ян Аткинсон бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү абдан оор жүрдү. Бул маселеде мунаса табуу үчүн үчүн канадалык компания Кыргыз тараптын айрым шарттарына макул болду. Аткинсондун пикиринде, жаңыдан сунушталган теңме-теш үлүшкө ээ бирдиктүү ишкана түзүү боюнча меморандум эки тараптын кызыкчылыгын коргойт.

- Биздин мындан аркы кадамдарыбыз депутаттардын эртеңки чечимине жараша болот. Кандай болгон күндө да, “Центерра Голд” Кыргызстан менен кызматташууга жана Кумтөрдөгү өндүрүштүн үзгүлтүккө учурабашына кызыкдар, - деди Аткинсон.

Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандум сунуштаган. Ага ылайык, кенди иштетүү боюнча эки тарап 50 пайыздык теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп иштетиши керек. Бул меморандум өткөн апталарда парламентте талкууланып, көпчүлүк депутаттар сындап чыккан. Депутаттардын сынынан соң өкмөт бул меморандумду кайрадан изилдеп чыкмай болгон. Жогорку Кеңеш бул меморандумду эртеңки жыйында кайрадан талкуулайт.(BkA)

XS
SM
MD
LG