Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Гүлнара Каримованын телеканалдары көрсөтпөй калды


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова
Өзбекстанда президенттин кызы Гүлнара Каримованын бир нече телеканалы анын өзүнүн фестивалы өтүп жаткан чакта иштебей калды. Forum TV, TV-Markaz, NTT жана SOFTS телеканалдары кечээ түштөн кийин көрсөтпөй калышканын “Азаттыктын” Ташкендеги кабарчылары айтышты.

Бул окуя Ташкенде ушул күндөрү Каримова уюштуруп жүргөн өнөр жумалыгы өтүп жаткан учурга туш келди. Каримовага таандык деп эсептелинген телеканалдарда анын өзүнүн аткаруусундагы ырларга тартылган видео-клиптер, негизинен анын ар кайсы тармактардагы ишин даңазалаган берүүлөр көрсөтүлөт.

Гүлнара Каримова өзү Twitter аркылуу суроого жооп берип жатып: “Мени бирөөлөр өчүргүсү келип жатат, колунан эч нерсе келбейт!”, - деп жооп берген.

XS
SM
MD
LG