Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

Онищенко иштен кеткени тууралуу маалымат тарады


Геннадий Онищенко

Геннадий Онищенко

Бүгүн Орусиянын башкы санитардык врачы Геннадий Онищенко кызмат мөөнөтү аяктаганына байланыштуу иштен кетип жатканы кабарланган. Бирок анын артынан премьер-министр Дмитрий Медведевдин аппаратынан башкы санитардык врачты кызматтан алуу жөнүндө азырынча буйрук чыга электигин айтышты.

Орусиядагы “Роспотребнадзор” ишканасына 2004-жылдын мартында башчы катары дайындалган Онищенко дээрлик 10 жылдык иши учурунда талаштуу фигура катары таанылды. Грузиянын же Молдованын виносуна болобу, Украинанын шоколадына же Польшанын этине болобу, айтор, тигил же бул өлкөнүн кайсы бир азык-түлүгүнө “Роспотребнадзор” убактылуу тыюу салганы көп учурда ошол мамлекет менен алака начар маалга туш келген. Ошондуктан башкы санитардык врачтын иши сыртта саясий чабуулдун түрү катары кабылданып келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG