Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

“Центерра Голд” Кыргызстанга 50% ашык үлүш берүүгө макул болбойт


Бул тууралуу “Центерра Голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, Кумтөр кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү менен 50 пайыздык теңме тең үлүшкө ээ ишкана түзүү меморандуму компаниянын акыркы сунуш болуп саналат. Андыктан Кыргызстанга мындан ашык үлүш берүү боюнча эч кандай сүйлөшүүгө барбайт:

- Канаданын мыйзамдарына жана базар шартына ылайык, биздин компания сыяктуу компаниялардын Кумтөр сыяктуу долбоорлордо үлүшү 50 пайыздан кем болбош керек деген талап бар. Мындан башка сунуштарга биздин инвесторлор да макул болбойт. Сотко барган учурда да мыйзамсыз чечим катары саналат. Ошондуктан мындан аз үлүшкө ээ келишим түзүү бул мыйзам бузуу болуп саналат. Биз үчүн мүмкүн эмес.

Аткинсон кыргыз парламенти Кумтөр боюнча меморандумду колдойт деген ишенимин билдирди. Эгер парламент меморандумду колдобосо, анда келишимди үзүүгө туура келет. Мындай шартта “Центерра Голд” өз акционерлеринин кызыкчылыгын коргоо үчүн эл аралык арбитражга кайрылат.

Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандум сунуштаган. Ага ылайык, кенди иштетүү боюнча эки тарап 50 пайыздык теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп иштетиши керек.

Бул меморандум өткөн апталарда парламентте талкууланып, көпчүлүк депутаттар сындап чыккан. Депутаттардын көпчүлүгү Кумтөр долбоорундагы Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүүнү талап кылууда. Депутаттардын сынынан соң өкмөт бул меморандумду кайрадан изилдеп чыкмай болгон. Жогорку Кеңеш бул меморандумду бүгүнкү жыйында кайрадан талкуулайт. (BkA\GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG