Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

Орусияда адам өлтүрүүгө шектүү катары кыргыз жараны кармалды


Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, буга чейин Пенза облусунун аймагында жүк ташуучу унаанын айдоочусунун сөөгү табылган. Бул адамды өлтүрүүгө шектүү катары Алай районунун тургуну, 44 жаштагы келин кармалган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал келин жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен сапарлаш катары жолго чыккан. Жолдо экөөнүн ортосунда чыр чыгып, кыргызстандык жаран айдоочуну бычак менен сайып салган.

Элчиликтин маалыматында, кармалган жаран жогорку билимдүү, 4 баланын энеси. Ал акыркы жылдары Орусияда мигрант катары эмгектенип жүргөн. Учурда Москвадагы элчиликтин кызматкерлери камактагы жаранга укуктук жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG