Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Жети-Өгүздө нааразылык акциясы өтөт


Бүгүн Жети-Өгүздүн Саруу айылынын тургундары нааразылык акциясын өткөрөт. Аталган айылдын тургуну Замир Меңдибаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, акция район борбору Кызыл-Суу айылында өтөт. Анын катышуучулары Саруудан Кызыл-Сууга чейин жөө жүрүш менен келишет. Акцияда Кумтөр боюнча боюнча меморандумду жокко чыгаруу жана 7-октябрдагы митинг учурунда камалгандарды бошотуу талабын коюшат.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG