Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:27

Депутаттар улутташтырылган объекттерди текшерет


Мындай чечимди шейшембиде Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алды. Аталган комитеттин төрага орун басары Замир Бекбоевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Апрел ыңкылабынан соң улутташтырылган объекттерди сатууда бир топ күмөн туудурган маселелер жаралууда. Мындан улам депутаттар атайын комиссия түзүп, аталган объекттерди сатуу боюнча тендерлердин мыйзамдуулугун иликтөөнү парламентке сунуштаганы жатат.

2010-жылдагы Апрел окуяларынан соң Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде 47 объект улутташтырылган. Алардын ичинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык делген бир нече пансионат, өлкөдөгү ири “Альфа Телеком” уюлдук компаниясы бар. Буга чейин Жогорку Кеңеш улутташтырылган объекттердин бир нечесин тендер аркылуу сатууга уруксат берген. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG