Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

“Сириянын достору”: кийинки өкмөттө Асадга орун жок


Сириянын президенти Башар Асадга кийинки өкмөттө орун жок. Бул тууралуу Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг айтып чыкты. Анын айтымында, “Сириянын достору” деп аталган топко кирген 11 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин шейшембиде Лондондогу жолугушуусунда дал ушундай пикирди колдошту. Аталган жолугушууда бир катар Батыш өлкөлөрү Сирия оппозициясынын лидерлерин кийинки айда Женевада өтөт делген конференцияга катышууга көндүрүүгө аракет кылышты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бул конференцияга эки тараптын катышуусу маанилүү экенин билдирди. Буга чейин Башар Асад конференциянын жыйынтыгынан күмөн санаарын, 2014-жылдагы президенттик шайлоого кайрадан ат салышаарын жарыялаган. Ал эми оппозиция лидерлери эгер Асад отставкага кетүүгө макул болбосо, анда конференция өткөрүүдөн пайда жок деп, ага катышуудан баш тартып жатышат. Женевада өтчү бул конференция 23-ноябрга белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG