Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

"Кумтөр" боюнча өкмөттө үч жумушчу топ иштөөдө


Жумушчу топтор “Кумтөр” боюнча буга чейин коомчулукта жана Жогорку Кеңеште айтылган сунуштардын негизинде иш алып барууда. Аны вице-премьер-министрлер жана каржы министри жетектеп жатат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында "Кумтөр" маселеси талкууланып жаткан учурда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, биргелешкен ишкананы башкаруу, анын укуктук маселесин тактоо милдети биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге жүктөлдү. Каржы жана экономикалык маселелер боюнча топту каржы министри Ольга Лаврова жетектейт. Экологиялык жана техникалык маселелерди вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев башында турган топ карайт. (SE)

XS
SM
MD
LG