Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

Орусиялык адистер Ошто тажрыйба алмашууда


Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан келген расмий делегация Оштогу билим берүү мекемелеринде жана бейтапканада иштегендер менен жолугуп, тажрыйба алмашууда. Андан сырткары ишкерлик жаатында да жолугушуулар болуп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Делегациянын курамында Санкт-Петербург шаарынын бийлик өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, дарыгерлер, ишкерлер, маданият жана миграция боюнча адистер бар.

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов жана Санкт-Петербург шаарынын Ишкердикти өнүктүрүү жана керектөөчүлүк базар комитетинин төрагасы Элгиз Качаев эки шаардын 2013-2016-жылдарга чейинки кызматташуусу боюнча келишимдерге кол коюшту. Келишимде 3 жыл аралыгында мигранттар маселесинде, саламаттыкты сактоо, бизнес жана билим берүү тармактарында бирге иштешүү тууралуу жазылган.

Эки күндүк расмий иш-сапардын алкагында орусиялык коноктор Ошто жашап жаткан орус улутундагы жарандар менен да жолугушат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG