Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:45

Сатыбалдиев келишимди карап чыгууга убакыт сурады


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” боюнча келишимди кайрадан иштеп чыгуу үчүн жыл аягына чейин депутаттардан убакыт сурады. Мындай сунушун бүгүн Жогорку Кеңеште “Кумтөр” маселеси каралып жаткан учурда айтты. Парламентте талкуу уланып жатат.

Бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө “Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган меморандумга Жогорку Кеңештин депутаттары макул болгон жок. 23-декабрга чейин өкмөткө “Кумтөр” меморандумунда Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга көтөрүү шарттарын кароо сунушу айтылды. Эгер үлүш талап кылынган чекке жетпесе, кыргыз тарап денонсацияга барат.

Парламентте бир айга жакын убакыттан бери “Кумтөр” меморандуму талкууланып келатат. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG