Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

УКМК: митингчилер кыйноого алынган эмес


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 7-октябрда Караколдогу митингде кармалгандар эч кандай кыйноого алынбаганын билдирди. Маалыматты атайын кызмат бүгүн таратты.

Буга чейин Саруу айылынын тургундары митингде кармалган адамдарга карата зомбулук жана кыйноо колдонулуп жатканын билдирген. Алар көгала болгон айылдаштарынын сүрөт жана видеотасмаларын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу көрсөтүшкөн.

УКМКнын билдирүүсүндө камакка алангындардын дене жаракаттары митингчилерди таратуу учурунда укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө болгону айтылат.

22-октябрь күнү камакта отурган Улан Чибутовдун атасы жана Наристе Калчаевдин агасынын катышуусунда кармалгандар менен жолугушуу өткөрүлгөн. Анда камактагылар шарттар начар эместигин жана кыйноолор болбогондугун айткан. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын өкүлү Тилек Чокморов билдирди.

Саруу айылынын тургундары бул жолугушууну атайын кызмат алдын ала даярдап, анан уюштурган деп эсептешет.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG