Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Сатыбалдиев: 67 пайызга жетүү мүмкүн эмес


Жогорку Кеңеште “Кумтөр” келишими боюнча талкуу уланып жатат. Депутаттар келишим боюнча Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болсун деген принципте турушат. Өкмөт башчы буга жетишүү мүмкүн эместигин айтууда.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары “Центерра голд” менен буга чейинки түзүлгөн келишимдерден бир тараптуу чыгууну сунуштоодо. Кабарчыбыздын айтымында, бийликчил деп эсептелген КСДП партиясынын өкүлдөрү бүгүнкү талкууга жандуу катышкан жок. Аталган партиядан бир гана Исмаил Исаков “атажуртчулар” карманган позициядагы пикирин айтты жана Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөбөгөн өкмөт кызматтан кетиши керектигин билдирди.

“Центерра Голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон 22-октябрда "Азаттыкка" маегинде компания 50 пайыздан аз үлүшкө макул болбостугун айткан. (SE\КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG